Бугу 02, 2024
Убакыт: 21:34
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

ЖК депутаттары Токмоктогу "Кумтөрдүн" дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

12.03.2024 16:17
145
ЖК депутаттары Токмоктогу "Кумтөрдүн" дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты


Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары Токмок шаарында көчмө жыйын өткөрүп, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов, тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери да катышты.

Алгач комитет мүчөлөрү дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү цехин, композиттик, болоттон жасалган дөңгөлөктөрдү сактоочу жайдын, ошондой эле дөңгөлөктөрдү кайра иштетип жок кылуу цехин көрүп чыгышты.

Бул жайларда колдонулган технологиялар тууралуу заводдун башкы инженери Владимир Дик маалымат берди. Анын айтымында, завод эки багытта иш алып барат - дөңгөлөктөрдү кайра калыбына келтирүү жана дөңгөлөктөрдү кайра иштетип жок кылуу.

Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ЖАКнын президенти Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, ишкананын курулушу 2022-жылы башталып, 2023-жылы дээрлик аяктап, учурда тесттик режимде иштөөдө.

Жыйынтыгында депутаттар дөңгөлөк калдыктарынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасиринин алдын алуу максатында кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, көчмө жыйын учурунда көтөрүлгөн бардык маселелер кылдаттык менен караларын кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн