“Жогорку Кеңештин депутаттары 200 миң сом эмгек өргүү акысын алыптыр” деген айрым такталбаган маалыматтар коомчулукту кабатыр кылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымында, бул маселе боюнча төрага Дастанбек Жумабеков менен тактоолор болду.
Маалыматта айтылгандай, Жогорку Кеңештин депутаттарынын эмгек акылары толук бойдон Эмгек кодексинде жазылган нормаларга ылайык чегерилет. Төраганын бир айлык эмгек акысы 30 миң сом, вице-спикерлердики 27 миң сом, депутаттардыкы 25 миң 500 сом. Эмгек Кодекси боюнча эмгек өргүү акысы бир айлык маянанын көлөмүнөн ашпайт.
“Андыктан, Фейсбук баракчасындагы биз тааныбаган атуулубуздун "ар бир депутат кассадан 200 миң сом алып атканын көргөндөр бар" деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлеринин дээрлик баардыгы илгерки СССР учурундагыдай кассага кезекке туруп маяна албайт, банктык карточкаларына түз которулат. Демек, "200 миң сомдук ведомостко кол коюп жатканын көрдүк" деген дагы туура маалымат эмес. Дагы бир жагдай, мамлекеттик кызматкерлер баары эле бирдей эмгек акы албайт, арабызда өмүр бою мамкызматта иштеген адистер бар, алардын эмгек акысы кыйла айырмаланып турат. Бирок, ал дагы 200 миң сомду түзбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери жалпы жонунан башка мамлекеттик бийлик бутактарында иштеген кызматкерлерден же министрлерден ашыкча эмгек акы албайт”, - деп билдирди басма сөз кызматынын жетекчиси.
Ал кошумчалагандай, азыркы оор учурда депутаттар бюджеттеги чыгымдарды кескин кыскартууга добуш беришкен. Анын ичинде Жогорку Кеңеш өзү дагы чоң кыскартууларга барууда. Бул жылы төраганын буйругу менен сатып алуулар, командировка, майда чарбалык ремонт сыяктуу иштер токтотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн