Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Асылбек Жээнбеков 4 миң үй-бүлөгө ун, май таратып, атайын эсепке 1 млн сом которду

09.04.2020 16:01
2420
Асылбек Жээнбеков 4 миң үй-бүлөгө ун, май таратып, атайын эсепке 1 млн сом которду


Жогорку Кеңештин депутаттары ыйлап, ырдап жарнамалабай эле элге жардам берип жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.  


Ал өз билдирүүсүндө эл өкүлдөрү боюнча ага бир нече суроолор менен кайрылып жатышканын, андыктан Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу билдирүү таратып коюну туура көргөнүн жазган.  


Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз . 

"Медиага: Урматтуу кесиптештер, кечээтен бери айрымдарыңыздар бир эки маселе боюнча маалыматтарды тактап беришимди өтүнүп кайрылдыңыздар. Биринчиси, кээбир ЖМК жазып жаткандай Жогорку Кеңеш чыны менен эле апрель айында 2 миллион сом ашыкча чыгымдайт бекен? - деген суроо. Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берет. Иш жүзүнө келгенде, Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжолу менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Себеби, карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чараларыбыз болбой калды.


Экинчи суроо: Жогорку Кеңештин депутаттары элге жардам берип жатабы? Ооба. Колунан келгендери материалдык жардамдарды көрсөтүүдө. Коронавируска каршы күрөшүү фондуна да үй-бүлөлөрүнүн атынан акча которгондор бар. Макул болгондорун Басма сөз кызматы kenesh.kg сайты аркылуу берген жардамдары тууралуу маалыматтарды жарыялап жатат. Президент айтмакчы, ыйлабай эле, ырдабай эле, реклама кылбай эле өз регионуна, муктаж адамдарга кайырымдуулук кылган ондогон депутаттардын тизмеси бизде бар. Сөзүм куру болбош үчүн Жогорку Кеңештин үч төрагасы кылып жаткан иштер тууралуу эле кыска маалымат бере кетейин. Учурдагы төрага Дастанбек Жумабеков 150 тонна ун, 20 миң медициналык маска, бир тонна антисептикалык каражат таратты. Эки айлык эмгек акысын фондго которду. Мурдагы төрага Чыныбай Турсунбеков Нарында 850 үй-бүлө, Ысык-Көлдө 40, Чүй областы боюнча 40 үй-бүлөгө ун, макарон, суюк май таратты, алдыда дагы 1000 үй-бүлөгө жадам берүү жагын пландап жатат. Дагы бир мурдагы төрага Асылбек Жээнбеков Кара-Кулжа районунда 200 тонна ун, 20 тонна суюк май таратты. Тагыраак айтканда, 4000 үй-бүлөгө бир каптан ун, 5 литрден суюк май таратты. Мындан сырткары коронавируска каршы күрөш фондуна 1 миллион сом которду. Жардамдарды фракция лидерлери дагы берип жатат. 120 депутаттын ичинен колунан келгени унчукпай эле жардам берип атат, келбегени кур дегенде бир айлык маянасын которду. Эсиңиздерде болсо, өткөн ай соңунда 4 миллион сомго жакын маяна фондго которулган. Дагы кандай маалымат керек болсо, Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматына кайрылыңыздар. Азыр ар түрдүү ушак айыңдардын, кайым айтышуулардын, маалыматтык манипуляциялардын маалы эмес. Келиңиздер, COVID-19 тумоосуна байланыштуу кыйынчылыктарды ынтымак менен жеңели!


Урматым менен Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу"

Пикирлер (5)

Коопсуздук коду
Токтобердиев Талайбек А.
Асылбек Жээнбекович Элге мурда деле жардам берип келген, ар дайым эле жардам берип жүрөт, бирок жарыялап реклама кылбайт, ошол үчүн көпчүлүк Эл ал иштен кабардар эмес. Элге берген жардамына Кудайым ыраазы болсун Үй- бүлөөсү менен ар.дайыи саламатта болсун!!!
Анара
Аллах ыраазы болсун сизден! Жетим жесирге берген жардамыныз бул дуйно болбосо тиги дуйнодо кайтат
Калканбай
Ал эмес, бул эмес Асылбек кыйын жигит! Эл билет кимдин-ким экенин. Жардамын ата-энене, бир тууган агана сообу тийсин иним!
Жанат
Элге жакын болгон депутаттар дейбизби, аткаминерлер дейбизби, айтор саны аз. Ибраим Нуракун уулу саналуу эле эл окулдорун атап отуптур. Демек, калгандары элдин кыйын куну менен иштери да жок.
Айдана
Асылбек Жээнбеков кайда деп жаттынар эле мына жардам бериптир го. Алла ыраазы болсун!