Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 14:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖК депутаттары "Уят аллеясынан" өтүүдө

10.12.2020 09:37
758
ЖК депутаттары "Уят аллеясынан" өтүүдө

10-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын кире беришине эртең менен активисттер "уят аллеясын" орнотушту.


Биринчи окууда кабыл алынган референдум жөнүндө мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына нааразычылыгын билдирүү үчүн ондон ашык адам чогулду.


Чогулгандардын катарында Рита Карасартова, Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова жана башкалар бар.


Саат 9: 15ке чейин парламенттин имаратына саналуу депутаттар киришти. Митингчилер “кеткиле”, “бизге мындай парламенттин кереги жок" деген плакаттарды кармап алган.


Активист Өндүрүш Токтонасыров парламентти кылмышкер деп атады, анткени анын пикиринде, депутаттар мыйзамдарды бузуу менен айрым чечимдерди кабыл алышты. «Алардын мөөнөтү 28-октябрда аяктады. Алардын мындай маанилүү чечимдерди кабыл алууга укугу жок», - деди ал.

Ал парламентти таркатуу керек деп эсептейт.


Рита Карасатртова акциянын максаты депутаттарга алардын легитимдүү эместигин көрсөтүү экендигин айтты. «Алардын мөөнөтү октябрь айында аяктаган, биз аларды акырындап аягына чыгарабыз деп ойлогонбуз. Бирок алар Кыргызстанга зыян келтирген мыйзамдарды кабыл алып жатышат. Кыргызстан үчүн жасай турган эң жакшы нерсе - бул  ЖКны таркатуу », - деди ал.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Садир кет десе кетет.Азыр ошонукунда жатышат