Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:49
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖК депутаттары Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоого байкоо салууга катышты

11.07.2023 11:09
491
ЖК депутаттары Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоого байкоо салууга катышты


Жогорку Кеңештин депутаттары Жалолидин Нурбаев, Азиз Турсунбаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 9-июлда Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низамхожаевдин чакыруусу менен Өзбекстандагы мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышты.


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев менен жолугушту.


Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүү жаатындагы маселелер талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн