Бугу 02, 2024
Убакыт: 10:35
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

ЖК депутаттарын шайлоо үчүн БШКга көмөк көрсөтүүчү штаб түзүлдү

20.09.2021 18:34
759
ЖК депутаттарын шайлоо үчүн БШКга көмөк көрсөтүүчү штаб түзүлдү

2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана аны өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.


Шайлоо процессине өз мөөнөтүндө даярдык көрүүнүн, ачык-айкын жана таза шайлоолорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Республикалык штабдын төрагасы болуп бекитилген.


Республикалык штабдын тең төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – санариптик өнүктүрүү министри бекитилген.


Республикалык штабдын курамына бир катар министрлик жана ведомстволорунун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн