Жогорку Кеңештин имаратына келитирилген материалдык-техникалык зыяндарды аныктоо боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
5-октябрдагы тополоңдун натыйжасында нааразы тарап ЖКнын имаратын жараксыз абалга келтирген. Андан бери ЖК жыйындары мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жатат. Бүгүн депутаттар ЖКнын имаратына келтирилген зыянды аныктоо максатында комиссия түзүп анын башына вице-спикер Мирлан Бакировду бекитти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн