Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 16:25
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

ЖК комитети БШКнын төрайымынын жылдык баяндамасын укту

22.10.2024 13:16
25
ЖК комитети БШКнын төрайымынын жылдык баяндамасын укту


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымынын 2023-жыл үчүн ар жылдык баяндамасын укту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2023-жылы Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айылдык кеңештеринин депутаттарын жана Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө айтып берди. Мындан тышкары, ал шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу жана өркүндөтүү, аралыктан добуш берүүнү пилоттук режимде иштетип көрүү боюнча чаралар жөнүндө маалымдады.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастанбек Жумабеков БШКнын бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттарды шайлоону өткөрүүдө шайлоо мыйзамдарына карата сунуштарга көңүл бурду. Ошондой эле ал шайлоолорду иш күндөрү өткөрүүнү сунуштап, калктын электораттык активдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы маселелерди көтөрдү.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоону өткөрүүгө, анын ичинде бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча сарпталган каржы маселеси тууралуу айтып, бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу керектигин кошумчалады.

Депутат Жанарбек Акаев партиялык жана аралаш шайлоо системаларынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маселени көтөрүп, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын бул системалар боюнча пикирин тактады.

Депутат Замирбек Мамасадыков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү механизмдерин талдоо зарылдыгына көңүл бурду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн