Бугу 20, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК комитети Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун I окууда жактырды

28.11.2023 13:41
139
ЖК комитети Кыргызстандын желегин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун I окууда жактырды


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси- Ж огорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Демилгечилердин бири, депутат Улан Примов мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон Кыргыз Республикасынын желегин жакшыртууга багытталганын белгиледи. Кыргыз Республикасынын желегиндеги нурлардын формасын толкун сымал формалардан күндүн нурларына так окшош формага өзгөртүү сунушталат.

Кыргыз Республикасынын желегиндеги күн нурларынын жаңы эскизин даярдоодо бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгуучу авторлор тартылган, алар менен математикалык эсептөөлөр, чиймелер жана коштоочу иштер жүргүзүлгөн. Авторлордун бири Жусуп Матаев түп нускасындагы версиясы өзгөртүлүп, алгач күндүн нурларына так окшош форма сунушталганын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө бир катар депутаттар аталган мыйзам долбоору боюнча маселелерди белгилеп, туунун айрым элементтерине өзгөчө көңүл бурушту.

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков желектин айрым элементтерин өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Депутат Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор өзгөртүлбөшү керек деп айтуу туура эмес экенин белгиледи. Депутат Мейкинбек Абдалиев Кыргызстандын жарандарынын пикирин эске алуу керектигин айтса, депутат Улан Примов 32 жыл мурун желекти референдум эмес, парламент бекиткенин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн