Бугу 14, 2024
Убакыт: 04:42
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

ЖК комитети Конституциялык палатанын судьялыгына Шаршеналиевди жактырды

02.06.2020 14:30
999
ЖК комитети Конституциялык палатанын судьялыгына Шаршеналиевди жактырды


Бүгүн, 2-июндагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин кезектеги жыйынында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат орду үчүн сунушталган талапкер каралды.

 

Отурумда талапкер тууралуу маалымат берген президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев аталган кызмат ордуна Жамил Шаршеналиев сунушталып жатканын билдирди.  


Талкуу соңунда комитет мүчөлөрү Жамил Шаршеналиевдин талапкерлигин колдоду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн