Бугу 20, 2025
Убакыт: 20:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

ЖК комитети Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди

20.05.2025 13:01
23
ЖК комитети Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берди


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.


Парламенттен билдиришкендей, президенттин сунуштамасын жана талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. 


Жыйынтыгында комитет Руслан Мукамбетовду коргоо министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн