Кулжа 29, 2024
Убакыт: 12:23
USD
86.20
87.10
EUR
92.10
93.10
RUB
0.970
1.025

ЖК комитети Сот адилеттиги кеңешинин курамына сунушталган депутаттардын талапкерлигин жактырды

21.05.2024 12:10
155
ЖК комитети Сот адилеттиги кеңешинин курамына сунушталган депутаттардын талапкерлигин жактырды


Бүгүн, 21-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлоо жана бекитүү үчүн көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлиги каралды.

Талапкерлер тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.

Комитет КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына шайлоо жана бекитүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиевдин ("Элдик"), Гуля Кожокулованын ("Бүтүн Кыргызстан", "Альянс"), Балбак Түлөбаевдин ("Ынтымак") талапкерлерлигин жактырды.

Андан соң талапкерлер парламенттин кароосуна жиберилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн