Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 23:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖК комитети билим берүү министри кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды

03.10.2023 13:34
201
ЖК комитети билим берүү министри кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин жактырды


Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Догдуркүл Кендирбаева талапкерлигин билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна дайындоого макулдашуу үчүн президент Садыр Жапаровдун сунушу каралды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырып, Кендирбаеванын эмгект ишмердүүлүгүнүн жана кесиптик жетишкендиктеринин негизги этаптарына токтолду.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.

Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн