Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 13:44
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

ЖК комитети бир катар мыйзам долбоорлорун II окууда жактырды

19.11.2024 13:44
95
ЖК комитети бир катар мыйзам долбоорлорун II окууда жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «КР Административдик-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган комитет төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору Конституциялык соттун чечимин аткаруунун алкагында даярдалган.

Тагырагы, Конституциялык сот Административдик-процесстик кодекстин 110-беренесинин 8-бөлүгүнүн «жана даттанылган актылар кабыл алынган же даттанылган аракеттер жасалган күндөн тартып 10 жылдан кечиктирбестен сотко кайрылган» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобону КР Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 56-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп тапты.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын маалымат алуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого ээ болду. Аталган мыйзам долбоору «Маалымат алуу укугу жөнүндө» КР мыйзамынын 49-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктун ишке ашырууга даярдалды. Тагырагы, «Коммерциялык сыр жөнүндө», «Электрондук башкаруу жөнүндө», «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө», «Банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Муну менен катар «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды. Мыйзам долбоору саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын социалдык кепилдиктерин сактоонун бирдиктүү ыкмасын ишке ашырууга багытталаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн