Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:29
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ЖК комитети дарыгерлердин статусун жогорулатуу мыйзамын колдоду

29.04.2020 17:23
1259
ЖК комитети дарыгерлердин статусун жогорулатуу мыйзамын колдоду

 

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоорун карап, жактырды.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Г.Асылбаева, Н.Никитенко жана А.Самигуллина тарабынан демилгеленген.

 

Демилгечи депутаттардын бири Альфия Самигуллина аталган мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринин медицина кызматкерлеринин укуктарын өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө абал киргизилген учурду коргоого багытталганын белгилеп, ошондой эле алардын өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруунун кепилдиктерин аныктоого максатталганын кошумчалады.

 

Талкуу маалында депутат Улан Примов мыйзам долбоорунда жеке медициналык жайлардын кызматкерлеринин да укугун унут калтырбоо сунушун берди. Ал эми депутат Руслан Казакбаев мыйзамга карата тармактык серепчилердин пикирине кызыгып, медицина кызматкерлерин шыктандыруу зарылчылыгына токтолду.


Мындан тышкары, демилгечилердин бири Наталья Никитенко мыйзам долбоору боюнча сунуштар социалдык тармактар аркылуу келип түшкөнүн айтып: "Шыктандыруу коэффициентин жогорулатуу маселесин экинчи окууда эске алабыз", - деди.


Депутат Төрөбай Зулпукаров жыйында мыйзам тууралуу өкмөттүн пикирин сурады. Ал эми өкмөт өкүлү мыйзамдын концепциясы жактырылганын билдирип, экинчи окууга бир катар сунуштар берилерине токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн