Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун өзгөчө кырдаалдар министринини орун басары Урматбек Шамырканов тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоору өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн адамдардын жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, ошондой эле Укук бузуулар жөнүндөгү кодексин аба ырайын болжолдоо жана метеорологиялык кызмат көрсөтүү сектору боюнча либералдаштыруу планын аткарууга карата Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кабыл алынган чечимдерге ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.
Тагыраагы, мыйзам долбоору тарабынан сунушталган айыптардын өлчөмдөрүн чоңойтуу каралган. Анын ичинен, жалпы көлөмү 3000 соода түйүнүнөн ашкан соода объектилеринде өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 1 миллион сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда.
Талкуу маалында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып баяндамачы Кыргызстанда жалпы көлөмү 3000 соода түйүнүнөн ашкан 2 эле соода объектилери бар экенин, алар Дордой жана Кара-Суу базарлары экенин маалымдады.
Комитет төрагасы Улан Примов коррупциялык тобокелдиктерди жоюу үчүн айып пулду өндүрүү механизмин иштеп чыгуу керектигин белгиледи. Ал эми депутат Улан Бакасов коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана өрт өчүрүү кызматынын инспекторлорун шыктандыруу максатында аларга айып пулдун 10% төлөп берүүнү сунуштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн