Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:40
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖК комитети "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды

14.12.2020 14:48
575
ЖК комитети "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети президенттин "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун кароону кийинкиге калтырды.


Комитеттин башчысы Гүлкан Молдобекова белгилегендей, аны президенттик администрациядан күн тартибинен алып салуу өтүнүчү келип түшкөн. Депутаттар буга макул болуп колдошту.


Эскерте кетсек, 26-июнда депутаттар резонанс жараткан документти жактырышкан. Жогорку Кеңештин 79 депутаты макул деп добуш берген. Жарандык активисттер, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековдон республикада сөз эркиндигине коркунуч келтирген мыйзам долбооруна вето коюуну талап кылышкан эле. Бирок, Конституцияга ылайык, мамлекет башчы абсолюттук вето укугуна ээ эмес.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн