Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:07
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

ЖК комитетинде электрондук тамекиге байланыштуу мыйзам долбоору II жана III окууда кабыл алынды

26.06.2024 13:16
192
ЖК комитетинде электрондук тамекиге байланыштуу мыйзам долбоору II жана III окууда кабыл алынды


Бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде электрондук тамекини сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралды.

Комитеттин жыйынында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү депутаттардын мыйзам долбоору боюнча кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Мында мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Шайырбек Ташиев электрондук тамекини ташып кирген жеке жактарга 150 миң сом, юридикалык жактарга 250 миң сом, ал эми аны колдонгондорго 10 миң сом айып салуу каралганын белгиледи.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов мыйзам кабыл алынса, Бажы кызматы өлкөгө электрондук тамекини алып кирүүлөрдү толук токтотууга күчү жетерин белгиледи.

Ошентип, талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору II жана III окууларда кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн