Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 01:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

ЖК өзгөчө статусу бар 5 университетке тиешелүү мыйзам долбоорун жактырды

23.06.2023 13:53
863
ЖК өзгөчө статусу бар 5 университетке тиешелүү мыйзам долбоорун жактырды


22-июнда Жогорку Кеңеште “Билим берүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.


Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 18-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.


Президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы жарлыгы менен 5 жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилген, ага ылайык аларга белгилүү укуктар берилген, атап айтканда:


- бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык тутумдан тышкары мамлекеттин катышуусу менен коммерциялык банктарда банктык эсептерди ачууга;


- билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк жана коммерциялык жана мыйзамда тыюу салынбаган башка иштерден акчалай каражаттар түрүндө киреше алууга жана аларды ЖОЖдун ишин жакшыртууга жана материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө багыттоого;


- акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтерин жана башкаларды өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;


- жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча билим берүү ишин лицензиясыз жүргүзүүгө;


- өз алдынча белгиленген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн билим берүү программаларын ишке ашырууга.


Өзгөчө статусу бар университеттер:


- Кыргыз улуттук университети;


- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;


- Кыргыз агрардык академиясы;


- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;


- Ош мамлекеттик университети.


Ошону менен бирге министрлер кабинетине жогорку окуу жайларына жогоруда аталган укуктардын өзгөчө статусун берүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө тапшырылды.


Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги Эмгек кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштады: «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн