Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорду биринчи окууда жактырды

23.11.2023 17:30
297
ЖК республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорду биринчи окууда жактырды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын 2022-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү министрликтердин жетекчилери катышты. «Суроо-жооп» форматында жүрүп жаткан жыйында депутаттар бир катар курч социалдык-экономикалык маселелерди көтөрүштү.

Алсак, депутат Камила Талиева Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы аудиттин жыйынтыгы боюнча корутундусуна көңүл буруп, мыйзам бузуу фактылары боюнча мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилерине чара көрүү маселесин көтөрдү.

Ал эми депутат Коргонбай уулу Жусупбек Ош облусунун Ноокат районундагы социалдык объектилердин курулушун бүткөрүү зарылдыгын айтты. Депутат Жалолидин Нурбаев Араван-Сай дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин жүргүзүү жана Ош облусунун Араван районундагы ички жолдорду оңдоо маселелерине токтолду.

Депутат Чолпон Султанбекова Кадамжай сурьма комбинатын калыбына келтирүү маселелсине кызыкты. Буга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров инвесторлорду тартуу боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады.

Депутат Марлен Маматалиев өлкөгө отурукташып калган этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүн көтөрдү. Анын айтымында, балдарды бала бакчага жана мектепке кабыл алуу үчүн паспорт жана күбөлүк алууда кыйынчылыктар жаралууда. Эл өкүлү Лейла Лурова дипломатиялык кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу маселесин кароону сунуштаса, депутат Нилуфар Алимажанова мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча жүрүп жаткан иштерге кызыкты.

Андан тышкары, депутат Эмил Токтошев быйыл сугат суунун жетишсиздигинен кыргызстандык дыйкандар чыгымга учураганын белгилеп, мындан улам айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо маселесин ортого салды. Эл өкүлү Динара Ашимова каржылоонун ислам принциптерине ылайык ишкер аялдарды колдоо, муну менен катар “жашыл” долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен тышкы карызды кечүү маселелерге басым жасады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн