Жетинин айы 15, 2024
Убакыт: 15:30
USD
86.35
86.85
EUR
90.60
91.60
RUB
0.860
0.895

ЖК республикалык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорлорун I окууда кабыл алды

15.11.2024 12:25
14
ЖК республикалык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорлорун I окууда кабыл алды


Жогорку Кеңештин жыйынында республикалык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Төрага Нурланбек Шакиев эртеден бери аталган маселеге парламент депутаттары астейдил көңүл буруп, мыйзам долбоорлору кеңири талкууга алынганын белгиледи.

“Бул мыйзам долбоорлору өлкөбүз үчүн эң маанилүү финансылык документ болуп эсептелет жана эртеңкибиз үчүн өтө керек. Андыктан, парламентте айтылган ар бир сунуш-пикирди министрлер кабинети карап чыгып, экинчи окууга чейин мыйзамга сөзсүз камтышы зарыл. Себеби бүгүн айтылган негизги сунуштар кийин камтылбай калды деген маселе жаралбашы шарт” – деген Нурланбек Шакиев Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетин депутаттар көтөргөн маселелерге терең көңүл бурууга чакырды.

Муну менен катар төрага министрлер кабинетинин республикалык бюджетке байланыштуу берген маалыматтары, көрсөткөн көргөзмөлөрү мурдагыга салыштырмалуу өтө өзгөчө жана мазмундуу болгонун белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн