Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

ЖК шайлоосуна Венгриядагы мекендештер добуш бере алат

29.09.2021 09:55
563
ЖК шайлоосуна Венгриядагы мекендештер добуш бере алат

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-сентябрында болуп өткөн жыйынында 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоодо өлкөдөн тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо максатында Будапешт шаарында (Венгрия) № 9058 шайлоо участогун түзүү чечимин кабыл алды.  Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.


Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин түзүлүшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушунун негизинде кабыл алынды.    


Ошентип, алдыда боло турган Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын жалпы саны 29 өлкөдө 58ге жетти. 


Ошондой эле, быйыл биринчи жолу төмөнкү шаарларда 9 шайлоо участогу ачылмакчы:  


Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шш.;

АКШ – Нью-Йорк жана Чикаго шш.;

Түркия – Анталья ш.;

Италия – Кальяри ш.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн