Бугу 20, 2024
Убакыт: 05:23
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖК спикери депутаттардан кечирим сурашы керектиги жана үстүнөн комиссия түзүлүүсү талап кылынды

14.05.2020 15:44
1028
ЖК спикери депутаттардан кечирим сурашы керектиги жана үстүнөн комиссия түзүлүүсү талап кылынды


Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдон жалпы депутаттардан кечирим сурашын талап кылды.

Төрага буга чейин мыйзам долбоорлору жана жарыш сөзгө чыккандар тууралуу айрым депутаттардын сын пикирине карата “парламент жакпаса кетип калышсын” деген пикирин айткан болчу.


“Парламентте сизди эч ким кармаган жок” деген сөзүңүз менен кетип калыңыз деген эле маанини айттыңыз. Аны лингвисттерге деле текшертсек болот. Ушул сөзүңүз үчүн атын атабасаңыз дагы, жалпы депутаттардан кечирим сурашыңыз керек ”, - деп белгиледи Жанар Акаев.


Анын пикиринде, Жумабеков өкмөттү жактай бербей, парламенттин кызыкчылыгын дагы коргошу керек. “Депутаттардын позициясын качан колдоп, качан болушасыз? Күч түзүмдөрү депутаттарды кагып-силксе унчукпайсыз, бир дагы депутатка болушуп койбойсуз. Качан көрсөң өкмөткө болушуп турасыз. Сизге дагы бир топ суроо бар. Толтура катасы менен өкмөткө кат жазып, бүтүндөй парламентаризмди уят кылган кишилерди аппарат жетекчиси кылып койдуңуз", - деди Акаев.


Ошондой эле, ал төраганын фондунан бөлүнгөн акчалар кайда, эмнеге жумшалганын, сыйлыктар үчүн жана сааттар боюнча коротулган акчалардын негиздүүлүн текшерүү боюнча адилеттүү иштеген комиссия түзүлүп, текшерүүгө алышы керектигин кошумчалады. "Биз дагы кетээрдин алдында жүзүбүз жарык кетели", - деди Акаев.    

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн