Бүгүн, 4-ноябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында ЖКнын жыйыны өтүп жатат. Жыйында спикер Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу оюн билдирип спикерликтен кете турганын айтты.
"Республика-Ата-Журт" фракциясы спикерлик орунга Талант Мамытовду сунуштаганын жана ал азырынча жалгыз кандидат экенин фракция лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Кыргызстан" партиясынын курамында барган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн