Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 00:59
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөт

26.12.2024 11:37
54
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөт


Жаңы жылдан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртөт.

Парламенттен билдиришкендей, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Нурланбек Шакиев фамилия тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейткен мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири катары жаңы жылдан тарта Нурланбек Тургунбекович эмес, Нурланбек Тургунбек уулу болорун билдирди.

Бул мыйзам долбоору фамилиянын жана атасынын атына төмөнкү орфографиялык варианттарды киргизүүнү сунуштайт:

- Баланын атына чоң атасынын, атасынын аты кошулуп, "уулу" жана "кызы" сөздөрдү ата-энесинин каалоосу менен кошуу сунушталган. Мисалы, Анарбаев Нурбек Жолдошбекович болсо, аны Анарбай (чоң атасы) Нурбек (өз аты) Жолдошбек (атасы) уулу деп өзгөртүүгө болот.

- Эркектердин чоң атасынын атына "теги" сөзү кошулганда, атасына дын/тын, дин/тин, дүн/түн мүчөлөрүн кошуу сунушталган. Мисалы, Анарбай теги Нурбек Жолдошбек.

- Кыздарга дан/тан, ден/тен, дөн/төн кошуу сунушталган. Мисалы, Анарбай теги Айжан Жолдошбек.

Белгилей кетсек, бул ыкма кыргыз элинин маданий жана үй-бүлөлүк каада-салтын фамилия аркылуу келечек муунга өткөрүп берүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн