Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 21:11
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

ЖК төрагасы Парламенттер аралык бирликтин ассамблеясында баяндама жасады

07.04.2025 12:59
34
ЖК төрагасы Парламенттер аралык бирликтин ассамблеясында баяндама жасады


Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышты. 


Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарада баяндама жасаган Төрага Парламенттер аралык бирлик узак жылдардан бери глобалдык маселелер талкууланган башкы аянтча катары кызмат кылып келе жатканын белгиледи. 


"Кезектеги 150-маарекелик ассамблеяда учурдун эң маанилүү маселелеринин бири саналган социалдык өнүгүүнү жана адилеттүүлүктү камсыздоодо парламенттердин ролу тууралуу кеп козгогум келет. Аталган тема Кыргызстан үчүн өтө актуалдуу жана биз демократиялык мамлекет катары ички-тышкы саясатыбызда социалдык адилеттүүлүк принциптерин ырааттуу жактайбыз", – деген төрага буга далил катары 2007-жылы Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 20-февралды Дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнү деп жарыялоо тууралуу резолюция кабыл алганын эске салды. 


Муну менен катар ал мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, адилеттүүлүк принциптерин камсыз кылууда парламенттин ролу чоң экенине токтолды.


"Парламент – бул элдин үнү, калктын кызыкчылыктарын коргогон негизги мамлекеттик орган. Андыктан кыргыз парламенти – Жогорку Кеңеш социалдык теңсиздикти кыскартууга жана инклюзивдүү өнүгүүнү камсыз кылууга багытталган мыйзамдарды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл буруп келет", – дедеди төрага.


Тагыраагы төрага билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүү, эмгек шарттарын жакшыртуу жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу багытында кабыл алынып жаткан мыйзам долбоорлорун мисал кылып: "Жакшы билим жаркын келечектин кепилдиги. Ал эми элдин саламаттыгы бакубат жашоону камсыз кылуунун башкы фактору", – деди. 


Ошондой эле глобалдык кыйынчылыктар, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү парламенттерге кошумча жоопкерчилик жүктөп жатканын айткан Нурланбек Тургунбек уулу: "Бул учурда  мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү болуп, ачык диалог аркылуу социалдык биримдикти жана адилеттүүлүктү чыңдаган чечимдерди кабыл алуучу аянтча катары кызмат кылышы керек. Кыргызстан аталган жагдайга артыкчылык берүү менен бул жааттагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат", – деди.  


Жогорку Кеңештин төрагасынын айтымында парламенттер аралык кызматташтык өнөктөштүктү бекемдөөгө гана көмөкчү болбостон, социалдык орток көйгөйлөрдү чечүүгө да өбөлгө түзөт. 


Кошумчалай кетсек, учурда Ташкент шаарында Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясы өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келген парламент өкүлдөрү катышууда. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн