Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 17:58
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖК төрагасы Самарканд шаарына иш сапары менен кетти

26.10.2022 11:33
286
ЖК төрагасы Самарканд шаарына иш сапары менен кетти

Бүгүн, 26-октябрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына жөнөп кетти.


Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында төрага Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.


Ошондой эле иш-чаранын программасында КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Туруктуу комиссияларынын отуруму, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи камтылган.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Искендер Матраимов, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн