Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Мамытовдун абалы учурда туруктуу экени белгилүү болду.
Мындан сырткары, төрага Мамытовдун кабылдамасында иштеген кызматкерлер да вирусту жуктуруп алган.
Буга байланыштуу 36 кызматкер аралыктан иштөөгө өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн