Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды Жогорку Кеңештин жалпы жыйындарына активдүү катышууну суранды.
Анын айтымында, каникулга чейин депутаттар дагы беш пленардык жыйын өткөрүшү керек.
«Өлкөнүн жана калктын тагдыры үчүн маанилүү болгон көптөгөн мыйзам долбоорлору бар. Аларды карап чыгууга бизде убакыт болушу керек. Андыктан, парламенттин жыйындарына активдүү катышууңуздарды суранам. Дүйшөмбүдөн тарта бир нече маанилүү иш-чараларды эске албаганда, чет элдик иш сапарларга чектөөлөр киргизилди. Биз эч жакка барбайбыз. Үч жума жигердүү иштейбиз», - деди Шакиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн