Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКККББ: Журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалды (фото)

20.10.2023 12:14
262
ЖКККББ: Журналистти сүзүп кеткен айдоочу кармалды (фото)


2023-жылдын 18-октябрда болжол менен саат 17:30 чамасында С.С. аттуу жаран мотоскутерде Садырбаев көчөсү менен бара жаткан учурда, капталынан белгисиз айдоочу белгисиз авто унаа менен сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында мотоскутердин айдоочусу жабыркап, ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери  ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, натыйжада кылмышка шектүү  катары  “Toyota Camry”  үлгүсүндөгү авто унаанын 2004-жылы туулган Н.Э. аттуу айдоочусу кармалган.


Азыркы учурда Бишкек ШИИББнин тергөө кызматына  андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп берүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн