Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКККББ кызматкерлерди кабыл алууга сынак жарыялайт

01.12.2023 11:35
281
ЖКККББ кызматкерлерди кабыл алууга сынак жарыялайт


Бишкек шаардык патрулдук милиция кызматынын кенже командалык курамына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мында талапкерлерге коюлган негизги квалификациялык талаптар жеңилдетилди. Эми 19дан 30 жашка чейинки жарандар жол инспектору болуп иштей алат. Мурдагыдай жогорку билим милдеттүү эмес, жалпы орто билимге ээ болгону жетиштүү.

Ошондой эле буга чейин айдоочулук күбөлүгүндө А, А1, В, С категориялары болушу талап кылынган, азыр В менен С гана керектелет.

Сынакка катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:

- жеке арыз;
- кадрларды каттоо боюнча баракча;
- өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
- автобиографиялык реферат;
- билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
- паспорттун копиясы;
- никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
- укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
- 9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.

Белгиленгендей, документтер Бишкек шаары, Ч.Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01. Кабыл алуу 22-декабрга чейин уланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн