Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКККББ курман болгон кызматкерлердин апаларын медальдар менен сыйлады

07.03.2024 15:55
203
ЖКККББ курман болгон кызматкерлердин апаларын медальдар менен сыйлады


ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси 8-март Айымдардын Эл аралык майрамына карата кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин апаларын жана жубайларын “Мээримдү эне” жана  “офицердин жубайы” медальдары менен сыйлады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Жеңишбек Жоробеков айымдарды куттуктап, баарына бекем ден соолук, узун өмүр, үй бүлөлүк тынчтык жана аманчылык каалоо тилектерин билдирип, уул кыздарды татыктуу тарбия менен чоңойтуп жаткандарына ыраазычылыгын билдирдип, атайын даярдалган чакан белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.


Мындай кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин апаларын жана жубайларын эскерүү жана сыйлыктарды ыйгаруу иштери  жер-жерлердеги ИИМдин ЖКККББнын бөлүмдөрүндө да улантылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн