Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКККББ: "Маяк" рейдинин жүрүшүндө айдоочуларга 78 миң сом айып салынды

07.05.2024 12:17
79
ЖКККББ: "Маяк" рейдинин жүрүшүндө айдоочуларга 78 миң сом айып салынды


"Маяк" рейдинин жүрүшүндө тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген айдоочуларга 78 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү тез жардам унаасы бейтап менен шашылыш түрдө ооруканага бара жаткан учурда башка айдоочулар жол бошотуп бербеген учурлар байкалууда. Мына ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 29-30-апрель күндөрү тез жардам, өзгөчө кырдаалдар жана ИИМдин кызматтык унаалары шашылыш түрдө атайын үн коштоочу маяктар менен бара жаткан учурда, башка катардагы унаалар жол бошотуп берүүсүнө чакырган “Маяк” аталышындагы рейддик иш-чарасын өткөрдү.


Рейддин алкагында жалпы эки күн ичинде 2356 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталып, анынын ичинен 78 тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген айдоочуларга 78 000 сом айып салынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн