Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКККББнын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков ведомствонун ардагерлери менен жолукту

06.03.2024 11:42
186
ЖКККББнын жетекчиси Жеңишбек Жоробеков ведомствонун ардагерлери менен жолукту


Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Жеңишбек Жоробеков ведомствонун ардагерлери менен жолукту.

ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Жеңишбек Жоробеков ардагерлердин акыл-насаат, кеп-кеңештерин жана сунуш-пикирлерин уккан.

Ардагерлер жол коопсуздугун камсыздоо багытында көйгөйлүү маселелерди талкуулап, күнүмдүк жумуштарды аткаруу үчүн атайын ардагерлер бөлмөсүн бөлүп берүүнү ведомствонун жетекчилигине сунушташкан.

Андан тышкары;

– милиция кызматкерлери менен ардагерлер ортосундагы ынтымакты бекемдеп, жаш кызматкерлерге тажрыйбалуу кызматкерлерден насаатчыларды колго алуу;
– кызматкерлер арасындагы тартип жана мыйзам бузуулардын алдын алуу жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуп үйрөтүү иштерин жүргүзүү багытындагы сунуштар айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн