Кыргызстандын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Канатбек Кубатбеков кармалганын Sputnik агенттиги укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагына таянуу менен жазып чыкты.
Агенттиктин маалыматына ылайык, Кубатбеков менен кошо техникалык бөлүмдүн жетекчиси да колго түшүрүлгөн.
"Эки милиционер тең кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат. Аларга каршы атайын кызматка арыз жазылганы белгилүү болду. Тартип сакчылары УКМКнын тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат агенттиктин маалыматында.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн