Бугу 19, 2024
Убакыт: 02:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКККББнын жетекчисинин орун басары алмашты

29.05.2023 11:59
298
ЖКККББнын жетекчисинин  орун басары алмашты

ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары кызмат ордуна Манасбек Сыдыгалиев дайындалды.


ИИМдин ЖКККББнын кызматтарын чыңдоо максатында Ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Байыш Ашырбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык запаска (аскердик эсепке коюу менен) бошотулду. 


Ал эми, милициянын подполковниги Манасбек Сыдыгалиев ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу практикасы башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, ошол эле башкы башкармалыктын башчысынын орун басары кызматына дайындалды.


Жаңы дайындалган жетекчиге жол кырсыктарын алдын алуу, жол кырсыктарынын санын кыскартуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иш-чараларын чыңдоо тапшырмалары берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн