Жалган курандын 13, 2025
Убакыт: 19:03
USD
87.30
87.80
EUR
94.90
95.90
RUB
0.995
1.035

ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимин кубаттайт

13.03.2025 15:48
14
ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара келишимин кубаттайт


Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюсун кубаттайт. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланды.


Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылды.


Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга жана уюмдун алдындагы милдеттерын аткарууга өбөлгө түзөрү шексиз.


"Коңшу Кыргызстан менен Тажикстанда экономикалык жактан өнүккөн жана ынтымактуу коомду курууда мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн