Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери Казакстандын аймагында бир жума болушу мүмкүн. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат катчысы Берик Уали билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү аскерлер радикал күчтөрдү жок кылууга тартылган.
"Өлкөбүздөгү стратегиялык объектилерди кайтаруу үчүн президент ЖККУга кайрылган. Алар өлкөнүн аймактарындагы стратегиялык объектилерди кайтарууда.
Ал эми ички аскерлер радикал күчтөрдү жок кылууга тартылды",- деди Уали.
Пикирлер (1)