27-январда Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Президенттин инаугурация салтанатына катышуу үчүн келген Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, жолугушуу учурунда жамааттык коопсуздук тутумун мындан ары чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар аймактык коопсуздук жаатында мындан аркы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
С.Зась уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декабрь сессиясынын чечимдерин ишке ашыруу боюнча пландаштырылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн