Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турган болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин сөз кызматынан билдиришти.
“Кыргызстан машыгуулар өтпөй турганы жөнүндө чечим кабыл алды” деп билдирди мекеме.
ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн