Бугу 12, 2024
Убакыт: 19:55
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

ЖККУнун Коргоо министрлери биргелешкен аракеттерди көрүү маселесин талкуулады

15.09.2021 17:39
886
ЖККУнун Коргоо министрлери биргелешкен аракеттерди көрүү маселесин талкуулады

2021-жылдын 15-сентябрында КР коргоо министри Бактыбек Бекболотов Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Жааматтык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлер кеңеши, коргоо министрлер кеңеши жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен отурумуна катышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Отурумдун катышуучулары ЖККУнун жоопкерчиликтүү аймагына, өзгөчө Борбордук Азия аймагына көңүл буруу менен ЖККУнун аскердик-саясий абалын талкуулашты.


Биргелешкен отурумдун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери Уюмдун аскердик курамын өнүктүрүү маселелери боюнча ЖККУнун Бириккен штабы иштеп чыккан бир катар документтерге кол коюшту.


ЖККУга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү үчүн аскер кадрларын биргелешип даярдоо системасын өркүндөтүү планы жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик окуу жайларынын өз ара аракеттенүү тартиби боюнча сунуштамалар жактырылд


Биргелешкен отурумдун жыйынтыгында ЖККУга мүчө – мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун бекемдөөгө багытталган бир катар келишимдер түзүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн