Казакстандагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Казакстандагы стратегиялык объектилерди кайтаруу үчүн Алматы шаарына киргизилген кыргыз аскерлери Казакстандан кайтты. Бул тууралуу казак басылмалары кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-январда Кыргызстан менен Казакстандын аскерлери өздөрүнүн өлкөлөрүнө кайтты.
Кыргыз Республикасынын аскерлери өздөрүнүн аскердик техникалары аркылуу Кыргызстанга келет. Ал эми Тажикстандын аскерлери Россия Федерациясынын учактары аркылуу Тажикстандын аймагына жеткирилет.
Эскерте кетсек, кыргыз аскерлери Казакстанга 8-январда киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн