Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кезектеги аскердик машыгуусу Тажикстанда өтөт. Бул тууралуу "Спутник Тажикстан" кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аскердик машыгуу Ооганстан менен чектеш аймакка жакын жерде өтөт.
ЖККУнун аскердик машыгуусу октябрь айында өтүшү мүмкүн. Ооганстандагы кырдаал курчуп ЖККУ өлкөлөрүнүн коопсуздугуна доо кетирсе, ЖККУнун аскердик базасы Тажикстанга киргизилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн