Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖКда Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлер каралды

10.01.2024 13:42
224
ЖКда Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлер каралды


Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялык кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди карады.

Талапкерлер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Анын айтымында, президент Жогорку сотунун судьялык кызматына шайлоо үчүн Элмира Байтикова, Эркинбек Мамыров жана Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Элмира Байтикова менен Медербек Сатыевди Жогорку сотунун судьялыгына шайлашты. Парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынды. Жогорку соттун шайланган судьялары парламентте ант беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн