Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:06
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ЖКда шаарларда "түнкү тынч" убакытты аныктоо сунушталды

19.06.2024 13:31
156
ЖКда шаарларда "түнкү тынч" убакытты аныктоо сунушталды


Жогорку Кеңеште "Тынчтык жөнүндө" жана "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.


Аны депутаттар Сеидбек Атамбаев жана Дастан Бекешев демилгелеген.


Документте ызы-чуу жасагандарга милиция чара көрө албай жатканы белгиленип, мындан улам алардын айрым укуктарын кеңейтүү каралган.


Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт:

* ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу;

* тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик;

* жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.


Талкуунун жүрүшүндө депутат Элдар Абакиров шаарларда саат 22:00дөн кийин тынч болушу керектигин, ал эми Ысык-Көлдө туристтик сезон учурунда саат 23:00 же 00:00дөн кийин тынч болушу зарылдыгын айтты. Ошондой эле ал учурда жүк ташуучу унаалардын күндүз жүрүшүнө чектөө коюлгандыктан бул жагын дагы ойлонуу зарылдыгын белгиледи.


Мындан тышкары, мыйзам долбоору түнкүсүн айтыла турган азандарга тыюу салбай турганы айтылып, ал мыйзам долбоорунда камтылганы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн