Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖКда сот жана прокуратура кызматкелеринин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында депутаттык комиссия түзүлдү

14.06.2023 11:55
514
ЖКда сот жана прокуратура кызматкелеринин ишмердүүлүгүн текшерүү максатында депутаттык комиссия түзүлдү


Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү “Мекенчил” депутаттык тобу демилгелеген.

Комиссиянын курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмиль Токтошев, Нилуфар Алимжанова кирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн