Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров туризм инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя берүүнү суранды.
«Мага Ысык-Көл облусунун тургундары кайрылышты. Туризмдин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген насыя керек дешүүдө. Коммерциялык банктар жылына 20 пайыз менен насыя беришет. Биз дыйкандарга насыя беребиз. Туризмге насыя берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү», - деди депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн