Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 10:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

ЖКнын Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Ала-Бука жана Чаткал райондоруна иш сапары менен барды

07.03.2024 14:41
725
ЖКнын Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Ала-Бука жана Чаткал райондоруна иш сапары менен барды


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Ала-Бука жана Чаткал райондоруна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгач Ала-Бука районундагы 1-май айыл өкмөтүндө болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан ар кыл тармакта ийгилик жараткан инсандарга сыйлыктарды тапшырды.

Андан соң Алайбек Алымбаев Чаткал районундагы Ак-Терек айылындагы жергиликтүү мектепке барып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фондунан каралган заманбап окуу жабдууларын белек кылды.

Мугалимдер жана окуучулар менен өткөрүлгөн жолугушууда билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, тармакты алдыга жылдыруу жаатында Жогорку Кеңеште жасалып жаткан иштерге токтолду.

Ошону менен бирге агартуучуларга ийгиликтерди каалаган Аппарат жетекчиси билимдүү коомду түзүүдө мугалимдердин кошкон салымы зор экенин белгиледи. 

Мындан сырткары, Алайбек Алымбаев Каныш-Кыя айылында болуп, С.Байдөлөтов атындагы мектепке да заманбап техникаларды тапшырды. Муну менен катар аталган эки мектептин мугалимдерине Жогорку Кеңештин атынан сыйлыктарды ыйгарды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн