Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ЖКнын алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына каршы митинг өтүүдө (сүрөт)

25.06.2020 11:10
1757
ЖКнын алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына каршы митинг өтүүдө (сүрөт)


Жогорку Кеңештин алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы митинг өтүүдө. Акцияга учурда 50дөй адам катышууда. 


Учурда нааразычылык акциясына чыккандар санитардык талаптарды сактоо менен сөз эркиндигине басым болуп жаткандыгы боюнча өз ойлорун билдирүүдө. Мындан сырткары, буга чейин онлайн уюштурулган “тажадым” митингинин катышуучуларынын келери күтүлүүдө.


Катышуучулар "Сөз эркиндигинен колуңду тарт!", "Баш кесмек бар, тил кесмек жок" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушат. 


Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат  - Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайт ээлеринин, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.


Социалдык тармактын колдоонучулары  бул мыйзам долбоорунун авторлорун жемеге алууда.


Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн