Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:28
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

ЖКнын депутаттарынын функциясы көпүрө салуу, мектеп-бала бакча куруп, мечит ачуу эмес

24.09.2021 09:49
4571
ЖКнын депутаттарынын функциясы көпүрө салуу, мектеп-бала бакча куруп, мечит ачуу эмес


Кесибиме байланыштуу депутаттар менен аймактарда көп болдум. Кечээки Баялы Саркулов байке жазган "Өөй, Төлөгөн, айыл үчүн эмне жасап койдуң?!" деген мамиле азыр деле ошол бойдон. Тилекке каршы, элдин парламентке, бийликке болгон талаптары өскөн жок. ЖКнын депуттары элетке барганда айылды чогулутуп, аткарылып жаткан иштер, өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, аракеттер тууралуу айтып жатышса, капталдан чыга калган кары-жаш Өмүке Текебаев айткандай "майда, пас" суроолор менен депутатты камоого алып кирет.


"Спорт залдын курулушун баштасаңар болот эле..." деп бирөө айтып жатса, экинчиси тура калып, "Ой, башканы койдум, мобу айылдын төмөнкү төрт көчөсүнө сууну качан кийирип бересиңер, ыя?" дейт. Дагы бирөө "депутат болоордо медресени бүтүрүп берем деди дешти эле, чатыры жабылбай урап кала турган болду..." деп наалыйт. Анын эле "өзүнчө сүйлөшүп алалы" дегендер арбын. Жыйын бүтүп эшикке чыкканда баягы "өзүнчө сүйлөшүп алалы" дегендерге кулак түртсөң депутатка бирөө баласын, бирөө кызын, бирөө күйөө баласын ишке киргизип бер, райакимчилик, айыл өкмөттөн тарта Ак үйгө чейин жумушка алууну заказын берип, "жаныңа алып жүр, көз салып жүр" деп койнунан резюмелерди сууруп чыгып сунуп аткан болот. Дагы бир кызынын контрагына акча сураса, дагы бири аялынын операциясына каражат керек деп ыйламсырайт. Мына ушундайда колунда жок депутаттардын эле шору. Колунда бары го барсетка көтөргөн телагын жанына чакырып, баягы үмүт эткендерге 5-10 миңден сомду сууруп карматып кете берет.


А чынында ЖКнын депутаттарынын функциясы көпүрө салуу, мектеп-бала бакча куруп, мечит ачуу эмес да...


Тынчтык Алтымышев, журналист

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн